БАЗАР-КОРГОН ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЗАР-КОРГОН ЧОПО КЕРИ Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда, Жалал-Абад шаарынан 23 км түндүк-батышта, Кайырма кыштагынын четинде, деӊиз деӊгээлинен 700‒745 м бийиктикте. 1972-жылы Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропогендин кум-шагыл, кумай топурак, борпоӊ тектери түзөт. Пайдалуу кумайлуу топурак катмары аллювий-пролювий чөгүндүсүнөн пайда болгон лёсс сымал чоподон турат. Саргыч боз түстө. Калыӊдыгы 20 мге чейин, узундугу 1,3 км. 3‒4 м тереӊдикте чопо ныкталган. Гранулометриялык курамы: 0,001 мм ‒ 14,80%; 0,001 ‒ 0,01 мм ‒ 25,43%; 0,01 ‒ 0,25 мм ‒ 59,10%; 0,25 ‒ 0,5 мм ‒ 0,14%; 0,5 ммден жогоркусу ‒ 0,43%. Ийилгичтиги 2,02‒5,22%. Чоподон «100» маркасындагы кирпич даярдоого болот. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 898 миӊ м3.