БАЗАР-КОРГОН СУУ САКТАГЫЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЗАР-КОРГОН СУУ САКТАГЫЧЫ Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кайырма кыштагына жакын жерде 1961-жылы курулган. Кара-Үӊкүр суусу куят. Аянты 2,67 км, сыйымдуулугу 22,5 млн м3, анын 20,08 млн м3 суусу сугатка пайдаланылат. Плотинанын бийиктиги 25 м, узундугу 2400 м. Суу чыгымы орто эсеп менен 7 м3/сек. Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун жана Өзбекстандын айрым райондорунун 18 миӊ га жерин суу менен камсыз кылат. Суу сактагычка суу куйган каналдын узундугу 11,1 км (суу чыгымы 0,8 м3/сек) жана суу сактагычтан суу агып чыккан каналдын узундугу 6,9 кмдей (суу чыгымы 6,9 м3/сек) бар.