БАЗАР-БАШЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЗАР-БАШЫ ‒ Баткен районундагы кыштак. Кара-Булак айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Баткен шаарынан 2 км түндүк тарапта. Исфара темир жол бекетинен (Тажикстан) 20 км. Деӊиз деӊгээлинен 996 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4193 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, бала бакча, ашкана, наавайкана бар.