БАЗАРКУЛОВ Мукаш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЗАРКУЛОВ Мукаш (5. 6. 1935, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Саз айылы ‒ 6. 7. 2021, Бишкек) ‒ педагог. КРнын эл мугалими (2005). Мугалимдердин эки жылдык институтун (1955), КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1962). 1955‒57-жылдары Ак-Талаа районундагы «Жаӊы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1965-жылга чейин Тогуз-Торо районундагы орто мектепте мугалим, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы (1965‒68), 1970-жылы КП БКнын инспектору, 1971‒79-жылдары партиянын Талас райкомунун экинчи жана биринчи секретары, 1979‒1991-жылдары билим берүү министри болгон. 1991-жылдан Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу ордени (1973) жана бир нече медалдар менен сыйланган.

БАЗАРКУЛОВ114.png