БАЗА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЗА (фр. base, гр. basis ‒ негиз) ‒ 1) архитектурада ‒ мамынын (колоннанын) негизи (түбү), таяныч бөлүгү же түркүк (пилястрлер); 2) транспортто ‒ эки октуу автомобиль, трактор жана чиркемеде алдынкы жана арткы октун ортосундагы аралык же 3 октуу автомобилдин алдынкы огу менен 2 октуу сүйрөмөсүнүн ортосундагы аралык; 3) жарым өткөргүчтүү техникада база ‒ жарым өткөргүчтүү прибордун (транзистор ж. б.) эмиттердик жана коллектордук p‒n ‒ өтүү аймагы арасындагы электр байланышын камсыз кылуучу электроддун аталышы; 4) машина курууда ‒ сомдомонун кесүүчү аспапка салыштырмалуу тетиктин иштетүүчү абалын аныктоочу бети. Базага салыштырмалуу ченеп эсептөөчүсү ‒ ченөө базасы, иштетилүүчү сомдомо орнотулганы орнотуучу база болуп эсептелет.
Ж. Усубалиев, Н. Саадабаев.