БАЖЫ УКУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЖЫ УКУГУ ‒ эл аралык укук мамилелеринин принциптерине негизделип, мамлекеттин чек арасы аркылуу жүктөрдү, документтерди жана транспорт каражаттарын алып өтүү, аларды контролдоп-текшерүү, товар ташуунун режимдерин, эрежелерин, өлчөмдөрүн, объектилерин жана субъектилерин, чек ара чыгымдарын, андан бошотуу же жеӊилдетүү жолдорун ж. б. маселелерди жөнгө салуучу укук тармагы. Бажы укугу административдик, финансылык, налогдук, банктык, кылмыш-жаза, эмгек ж. б. укук тармактары менен айкалышып аракеттенет. Бажы укугунун негизги булактары ‒ эл аралык соода-сатык уюмдарынын конвенциялары, эл аралык соода-сатык эконономикалык келишимдер, Бажы кодекси, мамлекеттин жогорку мыйзам чыгаруу жана аткаруучу органдарынын бажыга тиешелүү актылары эсептелет.
М. Керимбаев.