БАЖЫ ТАРИФИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЖЫ ТАРИФИ ‒ чет өлкөдөн кирүүчү жана сыртка чыгарылуучу улуттук товарлардан алынуучу алымдардын тизмесине кирген товарлардын топтор боюнча системага салынышы. Бажы тарифинде адатта товардын аталышы, алым алынуучу товарлар, алым алынбаган товарлар жана алым чени жазылат. Бажы тарифинин түрлөрү: автономдук ‒ мамлекеттер тарабынан бир тараптуу белгиленет, конвенциялык ‒ мамлекеттер тарабынан эл аралык макулдашууларга ылайык белгиленет жана эреже катары, ставкалары төмөнүрөөк болот. Айрым өлкөлөр (Канада, Индия) айрым өлкөлөргө автономдуу, кээ бирине конвенциялык тарифти колдонуу менен Бажы тарифинин эки түрүн теӊ пайдаланышат. Бажы тарифинин алымдарына чен көбүнчө товарлардын наркынан процент түрүндө белгиленет.