БАЖЫ АЛЫМЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЖЫ АЛЫМЫ-өлкөнүн чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардан, мүлктөн, баалуулуктардан алынуучу мамлекеттик акча жыйымы. Бажы алымын бажы мекемелери жыйнайт. 1947-жылы Тарифтер жана соода тууралуу генералдык макулдашуу түзүлгөн. Анда бажы тарифин төмөндөтүү максаты коюлган. Европа экономикалык союзунун (ЕЭС) катышуучулары өз ара соодадагы Бажы алымын алып салышкан ж. б. өлкөлөргө карата бирдиктүү бажы тарифин белгилешкен. Бажы алымы импорттолуучу товарлардын баасын жогорулатуу менен мамлекетке ички рынокту коргоого, товарлардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн чектөөгө, импорттун көлөмүн жана структурасын жөнгө салууга мүмкүндүк берет.