БАЖЫКАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЖЫКАНА-чек арадан алып өтүлүүчү жүктү (анын ичинде багаж жана почта менен жөнөтүлгөн) контролдоочу мамлекеттик мекеме. Мында өткөрүлгөн жүк үчүн бажы ж. б. жыйым алат. Бажыкана негизинен деӊиз жана дарыя портторунда, эл аралык аэропорттордо, чек ара пункттарында жана темир жол станцияларында, өлкөнүн ири шаарларында жайгаштырылат.