БАЖЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЖЫ—өлкөнүн чек арасы аркылуу жүктү жана почта жөнөтмөлөрүн алып өтүүнү контролдоочу жана бажы салыктарын жана бажы жыйымдарын алуучу мамлекеттик мекеме. Бажы өзүнчө чек ара пункттарында (порттордо), өлкөнүн ири борборлорунда жайгашат. Бажы өлкөнүн бажы мыйзамдарынын жана белгиленген бажы эрежелеринин аткарылышын ишке ашырат; импорттолуучу жана экспорттолуучу товарлардын эсебин алат; жүктөрдү убактылуу сактоого кабыл алат; тыштан келтирүүгө жана тышка чыгарылууга тыюу салынган жана чектелген буюмдарды алып коёт; контрабанда менен күрөш жүргүзөт; жүктөрдү карайт; үстөктөрдү (товарларды сактагандык, санитардык ж. б. үчүн, ошодой эле белгиленген эрежелерди бузгандык үчүн штраф алынат, кээде жүк конфискацияланат), жыйым алат; бажы декларацияларын, эсептешүүлөрдү, товардын түрү тууралуу күбөлүктү, импорттук же экспорттук лицензияларды, санитардык жана ветеринардык күбөлүктөрдү көрсөтүү ж. б. бажы эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөйт (контролдойт). Бажы жайгашкан жерге транспортун токтотпоо; жээкке уруксатсыз токтотуу; керектүү документтерди көрсөтпөө, жүктү жашыруу ж. б. эреже бузууга жатат.