БАЕТОВ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЕТОВ (1930‒1981-жылдарда Д ө р б ө л ж ү н) ‒ Нарын облусундагы кыштак. Ак-Талаа районунун жана Баетов айыл аймагынын борбору. Терек-Суу суусунун сол өйүзүндө, деӊиз деӊгээлинен 2020 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Нарын шаарынан 120 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 310 км. 1928-жылы орун алган. Калкы 9 666 (2022). Кыштакта темир-бетон буюмдар, сүт, нан заводдору иштейт. Эки орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, китепкана, АТС, дарыкана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, борборлоштурулган оорукана, 2 мончо, клуб, кинотеатр, маданият үйү, көптөгөн соода уюмдары бар. Кыштакта КРдин эл артисти К. Эралиева туулган. Кыштак Кыргыз Республикасынын эл артисти Муса Баетовдун ысмынан аталган.