БАДЫРАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАДЫРАК‒ буудай, буурчак, жүгөрү, арпа, нокоттун барсайтып, жарылта куурулган даны. Аталган дандардан барыдак даярдоодо ар бирине өзүнчө ыкма колдонулуп, казанга атайын куургуч менен кууруйт. Жүгөрү бадыракты таза, ирирээк кумга аралаштырып кууруса, күйбөй, көлөмү чоӊоюп, ак баржак болуп жарылат. Буудай менен арпа бадыракты өзүн эле кууруйт (арпаны сокуга күйшөп, кабыгынан ажыратып, түктөп алат). Буурчак менен нокотту адегенде сууга көптүрөт. Кууруган учурда куургуч гана баткандай казандын оозун калкалап, куурубаса дан тарсылдап сыртка ыргыйт. Бадыракты көбүнчө балдарга кууруп беришкен. Азыр жүгөрү атайы аппаратта куурулуп, поп-корн деп аталган бадырак жасалат.
И. Молдобаев.