БАДИНОВ Толибжон

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАДИНОВ Толибжон (4. 8. 1935-жыл, Өзбек ССРи, Анжиян облусу, Избаскен району, Чуама кыштагы ‒ 6. 5. 2001-жыл, Ош шаары) ‒ актёр, Кыргыз ССР эл артисти (1988). 1955‒1962-жылдары С. М. Киров атындагы Ош өзбек музыкалык-драма театрында эмгектенген. 1963‒1970-жылдары Ташкент мамлекеттик консерваториясында окуган (бир эле мезгилде Өзбек радиоуктуруу жана телекөрсөтүүсүнүн маком (ыр) ансамблинин солисти). 1964‒1973-жылдары Ташкент шаарындагы Мукими атындагы театрда, 1973-жылдан Ош өзбек музыкалык-драма театрында артист болгон. Аткарган негизги ролдору: Равшан (К. Яшин, «Равшан менен Зулмухор»), Сабир (И.Акрамов, «Адолат»), Ашырбай (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Сарытаз (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей») жана башкалар. Т. Бадиновдун макомдору (ырлары) жазылган грампластинкалары чыккан.