БАГРАТИОН Петр Иванович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАГРАТИОН Пётр Иванович (1765‒1812) ‒ князь, орус генералы (1809), француз-орус согушунун (1812) баатыры. Кизляр шаарында грузиндин эзелки княздар уруусунан чыккан полковниктин үй-бүлөсүндө туулган. 1782-жылдан аскер кызматында. Орус-түрк (1787‒91) жана Польша согушуна (1793‒94) катышкан. А. В. Суворовдун 1799-жылдагы Италия, Швейцария жортуулунда генерал-майор чининде алдынкы отрядга командалык кылып, Франция менен согушта (1805‒07) орус армиясынын арьергардын башкарган, орус-швед согушуна (1808‒09) катышып, Аланд аралдарын ээлеген. Орус-түрк согушунда (1806‒12) армияларга командалык кылган. 2-Батыш армиясына, Бородино салгылашында орус аскерлеринин сол тарабына командачылык кылып, туруктуулуктун жана эр жүрөктүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн. Ошол согушта курман болуп, сөөгү Сима кыштагына коюлган. 1839-жылы ал жерден Бородино талаасына алып келип көмүлгөн.