БАГА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАГА, б а г ‒ байыркы Кыргыз мамлекетиндеги аймактык башкаруу бирдиги; аскердик титул; каган тарабынан дайындалган аймактын башкаруучусу. Кыргыз мамлекети 9-кылымдын орто ченинде алты аймакка бөлүнгөн; аларга азыркы Хакас-Минусин ойдуӊу, Краснояр крайынын түштүгү, Тува, Тоолуу Алтайдын бир бөлүгү, Моӊголия жана ага чектеш аймактар кирген. Тувадагы Өөк Тарлактан табылган байыркы кыргыздарга таандык эстеликте: «...атым Эл Туган Тутук бен (мен). Теӊири элимке элчиси эртим. Алты баг будунгка [элге] эр [тим]» ‒ деген саптар (мында «баг» уруу деген мааниде колдонулуп, «алты уруу элге бек элем» деп айтылып жатат) жазылган.