БАВАРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАВАРИЯ‒ Германиянын түштүк-чыгышындагы тарыхый облус жана администрациялык аймактык бирдик. Аянты 70,6 миӊ км2. Калкы 12,5 млн (2010). Администрациялык борбору ‒ Мюнхен ш. Ири шаарлары: Нюрнберг, Аугсбург, Регенсбург. «Бавария» аталышы 6-кылымдын ортосунда азыркы Бавария аймагынын көбүн жана андан түштүк жана чыгыш жерлерин мекендеген баварлар уруусунун атынан келип чыккан. Бул жерлерде баварлар өзүнүн герцогдугун (Агилольфингдердин тукумунан чыккан герцогдор) түзүшкөн. 788-жылы герцог Тассилон IIIнүн тушунда Бавар герцогдугу жоюлуп, Франк мамлекетинин курамына кирет. 10-кылымдын башында Германия королдугунун уруулук герцогдуктарынын бири катары кайрадан калыбына келет. 10‒13-кылымдарда Бавария герцогдугунун аймагы кичирейип, өзү бытырап бөлүнүп кетет. Герцог Альбрехт IVнүн (1467‒1508) бийлиги учурунда кайрадан биригишип, Бавария 16‒17-кылымдарда Германиянын кубаттуу княздыктарынын бири болгон. 18-кылымдын акырында Францияга каршы согушка катышат. 1801‒13-жылдары Наполеон тарапта болгон. Австрия-Пруссия согушунда 1866-жылы Бавария Австрия тарапта болгон, бирок Пруссия менен жашырын коргонуу союзун түзүп, 1871-жылы Германия империясына кирет. Германиядагы 1918-жылдагы Ноябрь революциясынын натыйжасында Баварияда республикалык өкмөт түзүлөт. 1919-жылы апрелде башында коммунисттер турган Бавария Советтик Республикасы түзүлөт, бирок ал герман өкмөт тарабынан талкаланып, Веймар конституциясы (1919) боюнча Германиянын жерлеринин бири катарында анын курамына кирет. Ошол эле жылы Баварияда улутчул социалдык (фашисттик) партия түзүлүп, ал фашизмдин башкы очокторунун бири болуп калган. Фашисттик диктатуранын мезгилинде (1933‒45) Бавария фашизмдин борбору болгон. Мюнхенде фашисттик партиянын штаб квартирасы жайгашкан. Нюрнбергде бул партиянын съезди өтүп турган. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, 1945-жылы Бавария америкалык оккупациянын зонасына кирген. 1949-жылдан Бавария ГФРдин жери катары анын курамында.

                                                                                                                                        Ш. Керимова