БАБЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАБЫР, Б о о р ‒ Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Мырза-Аке айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 7 км түштүк-чыгыш тарапта, Кара-Суу темир жол бекетинен 60 км. Деӊиз деӊгээлинен 1080 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1 136 (2022); негизинен тамекичиликте жана кой чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, оорукана бар.