БАБКИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАБКИН Михаил Николаевич (22. 1. 1922, Воронеж облусу, Аннинский району, Старая Тайга кыштагы ‒ 8. 12. 1959) ‒ учкуч, авиациянын майору, Советтер Союзунун Баатыры (1945). 1941-жылы Көк-Жаӊгак шаарынан аскерге чакырылып, 1943-жылы Чкалов аскердик авиация мектебин бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушта 1943-жылы июлдан штурмалоочу, Кызыл Туулуу Волковыск 198-авиация полкунун курамында Беларуссияны бошотууга катышып, Польша жана Чыгыш Пруссия аймактарында салгылашкан.

БАБКИН97.png

Бул салгылашууларда 145 жолу согуштук учуу жасап, душмандын 85 автомашинасын, 8 самолётун, 5 зениттик жана согуштук артиллериясын, ошодой эле күйүүчү май, ок-дары сакталган складдарын талкалап, керектен чыгарган. Согуштан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөөнү улантып, аскердик кызмат учурунда авиациялык катастрофадан курман болгон. Анын ысмы Жалал-Абад шаарынндагы мектепке жана көчөгө ыйгарылган. Эки Ленин, төрт Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.