БАБАЖЫ КАТЫН КҮМБӨЗҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАБАЖЫ КАТЫН КҮМБӨЗҮ ‒ орто кылымга (10‒11-кылымдар) таандык археологиялык эстелик. Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз (мурдагы Жамбыл) шаарынан 18 километр аралыкта Айшабүбү күмбөзүнүн жанында жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897-жылы В. А. Каллаур, кийин 1938-жылы А.Н.Бернштам, 1953-жылы Т. К. Басенов изилдеген. Сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бышкан кыштан тургузулган. Эстеликтин көлөмү 6,8х6,8 метр, бийиктиги 5 метр; маӊдай жагы менен эки капталы шооласын чачкан күн сымал оймо-чиймелер менен бышкан кыштан кооздолуп жасалгаланган. Күмбөздүн төбөсү 8 кырлуу тегерек болуп салынган, ичине кире турган эшиги байыркы көчмөндөр салты боюнча чыгыш жагында. Ага жанаша төбөсү 16 кырлуу келген күмбөз курулган. Мындай күмбөздөр Казакстандагы Көккесене, Жүбанана сыяктуу көөнө эстеликтерден кездешет. Бири-бирине жанаша салынган кош күмбөз эстеликтин узак сакталышынын себеби болгон. Күмбөздүн курулушу ошол кездеги курулуш өнөрүнүн өтө жогору даражада болгондугун көрсөтөт. Имараттагы чакан көлөмдөгү архитектуралык деталдар кылдаттык менен пайдаланылган. Бабажы катын күмбөзү сырткы көрүнүшүнүн жөнөкөйлүгү, курулушунун бекемдиги менен өзгөчөлөнөт.