БААТЫР ШААР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БААТЫР ШААРУлуу Ата Мекендик согушта немецтик-фашисттик баскынчылардан коргонууда шаардыктардын массалык түрдө көрсөткөн баатырдыгы жана эрдиги үчүн айрым шаарларга ыйгарылган ардактуу наам. 1965-жылы 8-майда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Москва, Ленинград, Киев, Одесса, Севастополь, Сталинград, Тула, Мурманск, Смоленск шаарлары баатыр шаарлар, Брест чеби ‒ баатыр чеп аталып, Алтын Жылдыз медалы жана Ленин ордени ыйгарылган. Жоокерлердин жана шаар тургундарынын зор эрдигин белгилөө урматына 1942-жылы 22-декабрда «Ленинградды коргогондугу үчүн», «Одессаны коргогондугу үчүн», «Севастополду коргогондугу үчүн», «Сталинградды коргогондугу үчүн», «Москваны коргогондугу үчүн», 1961-жылы «Киевди коргогондугу үчүн» медалдары чыгарылган. 1973-жылы Беларуссиянын, Крымдын, Кавказдын немец фашисттеринен бошотулгандыгынын 30 жылдыгы белгиленип, ошол эле жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Новороссийск, Керчь шаарларына жана 1974-жылы Минскиге Баатыр шаар деген ардактуу наам берилген. Баатыр шаарларда Ленин орденинин, Алтын Жылдыз медалынын сүрөтү жана СССР Жогорку Советинин Указынын тексти жазылган обелиск коюлган.