БААРЫН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БААРЫН‒ кыргыз уруусунун аталышы. Баарын уруусу, коӊурат уруусу менен чогуу кыргыздын оӊ, сол жана ичкилик уруулар бирикмесине кирбеген, алардан сырткары өз алдынча турган уруу болуп эсептелинет. Бирок айрым санжыралык варианттарда жана уруулардын жайгашуу аймактары боюнча бул уруулар көпчүлүк мезгилде тагай уруулар тобу менен чогуу эскерилип, кээ бир мезгилде алардын курамына да кошулуп айтылат. Баарын уруусунун өкүлдөрү башка урууларга салыштырганда сан жагынан аздык кылат, ошол себептен майда уруу катары да эсептелген учурлар кездешет. Ал гана эмес айрым оозеки тарыхый маалыматтарда баарын уруусу багыш уруусунун бир уругу болуп белгиленген фактылар бар. Бирок бул уруунун өз алдынча уруу экендигин санжыралардын басымдуу көпчүлүгү жана бир катар тарыхый даректер далилдейт. Баарын уруусунун келип чыгышы жөнүндөгү уламыштар кыргыз санжырасында жокко эсе, көпчүлүк мезгилде алар жөн гана уруу катары баяндалат. Бирок тарых илиминде баарын уруусу 12‒13-кылымдан бери белгилүү болуп, алардын алгачкы мезгилдеги түпкү теги моӊгол урууларынан болгондугу маалым. 12‒13-кылымдын аралыгында курулган Чыӊгыз хандын Моӊгол империясынын курамында баарын (моӊголчо «барин») уруусу да болгон. Чыӊгызхан өзү басып алган аймактарды мураскер уулдарына үлүш катары бөлүштүргөндө, экинчи уулу Чагатайга Иле дарыясы менен Аму-Дарыянын аралыгындагы аймак, башкача айткандаТүркстан жергеси тийген. Ал жердеги элди башкарууга Чагатайга көмөк көрсөтүү үчүн атасы тарабынан бир канча таза моӊгол уруулары Монголиядан Борбордук Азияга көчүрүлгөндүгү белгилүү. Ал уруулардын ичине баарын, катаган, коӊурат жана барлас уруулары кирген. Баарындын Теӊир-Тоо аймагында пайда болушуна ушул жер которуу процесси түздөн-түз таасир берет. Көчүп келген моӊгол тилдүү уруулар жергиликтүү түрк тилдүү уруулар менен кыска мезгилдин ичинде эле аралашып, алар түрк тилинде сүйлөп калышкан. Баарын ‒ Чагатай улусу кыйрагандан кийин Теӊир-Тоо аймагында пайда болгон Моголстан мамлекетиндеги (14‒16-кылымдар) негизги уруулардын бири. Ал эми 15-кылымдын аягынан тарта Моголстан аймагына көчүп киришкен кыргыз уруулар курамына могол уруулары менен кошо баарын уруусунун да кошулушу мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Баарын уруусу ич ара анабаарын, балабаарын, карабаарын, сарыбаарын (сарыкашка) жана байбаарын уруктарына бөлүнөт. Бирок уруунун ички бөлүнүү тармактары боюнча маалыматтар санжыраларда сейрек кездешип, анча так эмес. Айрым мезгилдерде баарындар багыштын коржу уругунун курамында таратылып, алардын майда уруктары катары тоорук, семет, атана, сарыкашка, чие, көккозу ж. б. аталыштарда эскерилет. Баарын уруусунун өкүлдөрү Кара-Буура, Чүй, Кочкор, Жети-Өгүз, Токтогул, Аксы жана Өзгөн райондорунун кээ бир айылдарында жашашат.

                                                                                                                                       Р. Жолдошев.