БААЛУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БААЛУУЛУК‒ адам, социалдык топ жана жалпысынан алганда коом үчүн айлана-чөйрөдөгү объектинин (жаратылыш коомдук турмуштун кубулуштарында кездешүүчү жакшылык жана карасанатайлык, сылыктык жана оройлук, сулуулук жана көрксүздүк ж. б.) оӊ жана терс мааниси. Үстүртөн караганда Баалуулук буюмдун же көрүнүштүн өз касиети сыяктуу сезилет, чындыгында ал касиет жаратылыштын өзүндө, объектилердин ички структурасына эмес, ал адамзаттын иш аракеттеринин чөйрөсүнө, алардын кызыкчылыктарына, социалдык мамилелерине гана таандык. Адам коомдун турмушуна, тагдырына, өлкөнүн келечегине таасири тие турган жаратылыштын жана социалдык турмуштун көрүнүштөрүнө баа бере албай коё албайт. Анын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: материалдык, коомдук-саясий жана рухий Баалуулуктар.