БААБЕДИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БААБЕДИН, Б а х о в и д д и н Н а к ш б а н- д и й‒С е й и д М у р а д б и н Ж а л а л и д- д и н (1314‒1389) ‒ 1) 14-кылымдагы Орто Азиялык сопулук агымдын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири; бухаралык шайык. Каср-и хиндуван кыштагында кол өнөрчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Көзү өткөнчө Бухара шаарында жана анын чет-жакасында жашап, 2 жолу ажылыкка барып келген. Ата кесибин уланткан Баабединди Накшбандийа (зерге, металлга кооздук түшүрүүчү), ошондой эле сопу жамаатын (боордоштугу) да накшбандийа деп аташкандыгына карабастан, анын мүчөлөрү Баабединди негиздөөчү катары эсептешкен эмес. Тарыхый булактарда Баабедин байлыкка кызыкпаган, өз эмгеги менен күн көргөн такыба адам катары сүрөттөлгөн. Ал көз жумган соӊ бара-бара Баабединдин ысмы Иран, Арабстан, Орто Азия элдеринин арасында диний уламышка айланып, Бухара шаарынын пири, ошондой эле ар кандай кырсыктардан куткаруучу катары белгилүү болгон. 1544-жылы Абд ал-Азиз-хан тарабынан анын сөөгү коюлган жерге тургузулган күмбөз зыярат кылуучу ыйык жайга айланып, ал жерге үч жолу келип кеткен адам Меккеге жана Мединага ажылыкка барып келгенге барабар болуп эсептелген. Баабедин тууралуу баяндар дербиштер аркылуу кыргыздарга да тараган. 2) Салтка айланып кеткен табынуу, сыйынуу. Кыйынчылык убакта Баабединге кайрылып жардам суроо Орто Азия калкына мүнөздүү; чоӊ коркунуч, алаамат (өрт, көчкү, сел, катуу оору, жер титирөө, жоо тийген, жырткычтар камаган, адашкан ж. б.) учурда аман-эсен кутулууну тилеп Баабедин өткөрүшкөн. Айтылган Баабединди (9 токоч, кой, эчки, тай, торпок, бээ ыроолоп) ошо замат же кийинчерээк сөзсүз ишке ашырышкан. Антпесе «бат эле дагы бир коркунуч, кырсык болуп, андан чоӊ зыянга учурап калабыз» деген ишенич күч болгон.

                                                                                                                                       И. Молдобаев.