АҢ-ӨСТӨН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АҢ-ӨСТӨН – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 20 км түндүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 206 км. Деңиз деңгээлинен 1690 м бийиктикте. Калкы 1828 (2022). Орто мектеп, клуб, бейтапкана бар.