АҢ-СЕЗИМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АҢ-СЕЗИМ – адам чындыкты ойлом процессинде идеалдык жактан кайрадан калыбына келтирүүгө жөндөмдүүлүгүн белгилөөчү философиялык, социалдык жана психологиялык негизги түшүнүктөрдүн бири; башкача айтканда жогорку өнүккөн материяга гана таандык касиет – сапат. Ошондуктан аң-сезим жеке адам баласына гана тиешелүү, адамды башка жан-жаныбарлардан айырмалап-ажыратып турган касиет болуп саналат. Айрым “акылдуу” деген жаныбарларга (маймыл, ит, ат ж. б. ) тажырыйба же эксперимент жасаганда алардын аң-сезиминде адамдын акыл-эсине окшош кылык-жоруктарды көргөзгөнү менен аларда чыныгы аң-сезим жок экендигин көрөбүз. Аларга карата “айбан интелекти” (интелект животных) же “айбан ойлому” (животное мышление) сыяктуу шарттуу (тырмакчада) түшүнүктөр колдонулат да, негизинен айбандар инстинкт аркылуу гана жашай ала тургандыгын, алардын жүргөн-турганы алардын өздөрүнө гана таандык инстинкт механизмине баш ийерин баарыбыз билебиз. Деги эле Аң-сезимди теориалык талдоо жагынан алып караганда эң эле татаал маселе. Аң-сезимдин ар кыл аныктамары бар. Анын айрымдарына токтоло кетели: Аң-сезим–бул аңдалып-баамдаган бытие; Аң-сезим – бул обьективдүү дүйнөнүн субьективдүү образы; Аң-сезим – бул субьективдүү болумуш (реальность); Аң-сезим – бул идеалык дүйнө (мир идеалность); Аң-сезим – бул адамдын дүйнөгө жасаган мамилеси (отношение) ж. б. Демек, Аң-сезим – дүйнөнүн, болумуштун чагылышы. Чагылуу бардык нерселерге таандык, бул – алардын өз ара бири-бирине тийгизген таасиринин натыйжасы. Аң-сезим – чагылуунун эң жогорку формасы, нерселердин мээге гана чагылышы. Ошон үчүн Аң-сезимдин келип чыгышы үчүн мээнин болушу зарыл. Бирок мээ өзүнөн өзү эле Аң-сезимди пайда кыла албайт. Мис., жаңы төрөлгөн баланын мээси бар, бирок эси али жок. Демек, мээ –материанын формасы болуу менен катар ал тубаса нерсе. Ал эми эс тубаса эмес, ар бир адам аны сырттан алат. Эгер жаңы төрөлгөн баланы эч бир сырткы дүйнө менен катыштырбай, өзүнчө бир бөлөк жайда, бөлөк бир чоочун чөйрөдө өстүрсө, анда ал адам болбой калат да, айбандык сапаттан чыкпайт. Жаңы төрөлгөн балага сырткы дүйнө таасир эткенде, ал ошол сырткы дүйнө жөнүндөгү сигналдарды сезим мүчөлөрү (көз, кулак, мурун, тил, тери сезимдери) анын мээсине жеткирет. Натыйжада таасир эткен нерсенин элеси (тагы, изи, сүрөтү) мээге түшүп калат. Дал ушул элес Аң-сезим деп аталат. Демек, Аң-сезим – мээ менен тышкы дүйнөнүн ортосундагы катынаштын натыйжасы. Учурунда Ф. Энгельс Аң-сезимди мээнин продуктусу деп баса белгилеген. Эгер тышкы дүйнө болбосо, анда анын мээ менен чагылышы болбой, анда анын элеси да калмак эмес. Марксизм пайда болгонго чейин философтор ой менен нерсенин бири-бирине дал келиши кандайча жүрөт деген суроого так жооп бере алышкан эмес. Ошондуктан материализм Аң-сезимди тышкы материалдык дүйнөгө караганда экинчи, анын туундусу деп карайт. Материанын негизги касиети анын материалдуулугу, оъективдүүлүгү болгон сыяктуу эле Аң-сезимдин негизги касиети – анын идеалдуулугу, субьективдүүлүгү. Бул касиеттин 2 белгиси бар: 1) ал адамдын мээсинде гана жашап, анын өзүнө баш ийет; 2) башкалардын сезим мүчөлөрүнө таасир этпейт, ошондуктан адамдар бири биринин оюн биле албайт. Өз оюнда эмне бар экенин ар бир адам өзү гана билет. Ал өзүнүн оюн башкаларга жеткирүү үчүн адам сөздү пайдаланат. Сөз болсо ар кандай тыбыштардын айкалышынан туруп, мээдеги субъективдүү элестин аты болуп саналат. Тыбыш – абанын толкуну, демек ал материалдык нерсе. Сөздү айтуу менен ойдогу элес туюнтулат. Ушул себептен Аң-сезимди биз идеалдуу дүйнө деп атайбыз. Анткени ал адамдын сезим мүчөлөрүнө чагылбайт. Аң-сезимдин 2 баскычы бар: алардын бири – сезүү. Ал 2 формадан турат: сезүү – сезим мүчөлөрүнө чагылуу аркылуу калтырылган тышкы дүйнөнүн тагы. Булар мээси, нерви бар бардык жаныбарларга таандык. Алардан адамдын айырмачылыгы Аң-сезимдин 2-баскычна ээ болгондугунда. Ал абстракттык ойлоо болуп саналат. Бул да 2 формадан турат, түшүнүк – нерселердин идеалдык элеси, анын аты сөз болуп саналат; ой жүгүртүү – сөз тизмеги, сүйлөмдөр; кортунду-ойлоонун натыйжасы. Мында адам тышкы дүйнө менен сөз аркылуу байланышат. Бул баскыч – абстрактуу ойлоо. Аң-сезим – биологиялык элес, коомдук кубулуш. Ошондуктан коомдук практиканын негизинде калыптанган Аң-сезим– индивиддик (өздүк) жана коомдук болуп эки формада жүрөт. Мында коомдук Аң-сезим – коомдук болумуштун чагылуусу; коомдук Аң-сезимдин формалары: илим, философия, искусство, адеп-ахлак, дин, саясат, укук.

Ж.Арзыкулов