АҢЧЫ ЭЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АҢЧЫ ЭЛДЕР– аң уулоону кесип (чарба) кылып күн көргөн элдердин аталышы. Мындай чарбачылык алгач Африканын тропик токойлорунда, Түштүк-Чыгыш Азияда, Түштүк Америкада пайда болуп, айрым жерлерде азыр да бар. Аңчы элдер жашоо шарты ыңгайсыз, цивилизация дүйнөсүнө кызыкчылык туудурбаган жерлерде сакталып калган. Алар бүгүнкү күндө негизи­нен чөлдөрдө (түштүк-батыш Африкадагы бушмендер); Арктикалык мейкиндиктерди (арктикалык инуиттер); тропик токойлорун (Африкадагы пигмейлер) мекендешип, чөп-чардан, бак-дарактын бутактарынан, кабыктарынан жасалган алачыктарда жашашат. Алар общиналык-уруучулук түзүлүштө жашап, жапайы айбандарга аңчылык кылып, балык кармап, өсүмдүктөрдүн азыкка жарамдуу тамырларын чогултуп күн көрүшөт. Алардын негизги колдонгон куралдары: союл, таяк, найза, жаа, жебе, тор, тузак ж. б. Саны жагынан 30–100дөй адамды бирик­тирген анча чоң эмес топтордон турат. Өкмөт, бийлик структурасы жана аскердик уюму жок, уруудагы чыр-чатактарды уруу башчысы эле чечет.