АҢЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АҢЧЫЛЫК – эт, тери, май ж. б. алуу максатында ар түрдүү куралдардын жардамы менен жапайы айбанат жана илбээсин уулоо. Аңчылык адам­дын байыртадан эле жашоо-тиричилик булагы болуп келген. Алгачкы адамдар Аңчылыкка чогуу (топтошуп) чыгып, таш, таш балта, найза сымал курал пайдаланышкан. Тарыхта аңчылык ар бир элдин тиричилигинде ар түрдүү мааниге ээ болгон. Эл жашаган чөйрөгө, токойлорго жана жаныбарларга карата өнүккөн. Түндүк элдеринде б. з. ч. 1- миң жылдыкта эле деңиз жаныбарларына кайык менен, жээктен, муз үстүндө аңчылык кылуу белгилүү. Тайга менен тундрада ит жана тутма курал менен аңчылык таралган. Азиянын көчмөн элдерине атчан алгыр куш салуу мүнөздүү болгон. Индонене­зия жана Түштүк Америкада үйлөмө куралдар, ал эми тропик токойлорунда жашаган элдер жаа жана найза колдонушкан. Кыргыздар башка түрк элдериндей эле илгертен мал чарбасы менен аңчылыкты кесип кылып келген. Негизинен мылтык, аңчы ит (тайган, лайка ж. б.), , алгыр куштардын жардамы менен аңчылык кылынат, ошондой эле капкан, кылтак ж. б. колдонулат. Аңчылык кылуунун көп ыкмалары бар. Аларга мылтык атып, из кууп аң уулоо; өңүткө туруу (мис., айбанат ийининин жанына, сууга келчү жолуна, түнөгүнө ж. б.); айбанаттын ийинин казуу, түтөтүү же суу толтуруу; үн салып чакыруу (мисалы, үнүн тууроо); айдоо (мисалы, кайберенди өңүттөгү мергенчини көздөй) ж. б. аңчылыкта тутма куралдар да пайдала­нылат. Мындай куралдар, мисалы, капкан, тузак ж. б. ийиндин оозуна, айбанаттар өтүүчү жолго, суу ичүүчү жерге ж. б. коюлат. Азыркы мезгилде Аңчылык шарттуу түрдө үчкө бөлүнөт. П р о м ы с е л д и к а ң чы л ы к – аңчылыктын негизин түзөт. Максаты – куну териси, кайберен эти менен өнөр жайды, калкты камсыз кылуу ж. б. С п о р т т у к Аңчылык - куну айбанат, кайберен, илбээсин кармоодон тышкары аңчынын ыкчамдыгын, чыйрактыгын ж. б. арттырат, ошондой эле эс алууда да чоң мааниге ээ. И л и м и й а ң ч ы л ы к – промыселдик фаунаны, алардын ылаңдарын ж. б. изилдөө үчүн илимий мекемелер тарабынан жүргүзүлөт. Азыркы Аңчылыктын өөрчүшү табиятты үнөмдүү пайдалануу жана табиятты коргоо маселелерине байланыштуу мамлекеттик, ошондой эле мамлекет аралык планда чечилет. Ошондой эле к. Биотехния.