Азимут
Jump to navigation
Jump to search
АЗИМУТ (ар. ас‑сумут – жол, багыт) – байкоо чекитинин меридиан тегиздиги менен ошол чекит жана байкалып жаткан пункт аркылуу өткөн тик тегиздиктин аралыгындагы бурч (к. сүрөт). Эгер ал географиялык меридиандан эсептел-

О – байкоо жүргүзүү чекити, S – түштүк чекити, N түндүк чекити, Z – байкоочунун төбөсүндөгү (асмандагы) эң бийик чекит (зенит), Е – асмандагы байкалган жарык чыгаруучу нерсе, ZEKO – асмандагы жарык чыгаруучу (Е) же жердеги нерсе аркылуу өтүүчү тик тегиздик, NK – өлчөнө турган азимут, С – жер бетинде байкалган нерсе.
се – чыныгы же астрономиялык, ал эми магниттик меридиандан эсептелсе, магниттик азимут деп аталат. Азимут саат жебесинин айлануу багыты боюнча 0°тан 360°ка чейин (астрономияда түштүктөн батышка, геодезияда түндүктөн чыгышка карай) эсептелет. Азимут бурч өлчөгүч аспаптар (теодолит, компас ж. б.) менен өлчөнөт.