АЯК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЯК к е с е ‒ атайын кырма аспап менен оюлуп жасалган жыгач идиш. Арча, жаӊгак, тал, терек, катыраӊ, кайыӊ, кара жыгач жана башкалардан жасалат. Анын оймо-чиймеленип, сырдалып кооздолгонун ‒ сыр аяк, жөн жасалганын ‒ кара аяк, саптуу жасалганын ‒ жан аяк деп аташат. Аякты жөнөкөй түзүлүштөгү чот, ийди, кырма деген аспаптар менен кырмачылар жасашат. Ал чоӊ, кичине, жайпак болот. Чоӊ аяктын диаметри 20 смге чейин жеткен. Өтө кичинекейин ч ө й ч ө к дешкен.

АЯК87.png

Азыркы учурда мындай идиштер сейрек кездешет.