АЯЗ КАЛА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЯЗ КАЛА‒ кушан маданиятына таандык археологиялык эстеликтер тобу. Арал деӊизинен 200 км жерде, Аму-Дарыянын оӊ жагындагы Аяз кала деп аталган асканын этегинде жайгашкан. Алгач 1939‒40-жылдарда С. П. Толстов жетекчилик кылган Хорезм археологиялык эскпедициясы изилдеген. Аяз кала сепилиндеги мунаралардын үчөө азыр да сакталып турат. Алардын алгачкысы Аяз кала -3 сепили. Ал байыркы Хорезм шаарынан кем эмес, мунаралары менен аламан жолдору көп, мыкты чептер менен курчалган. Сепилдин ички жагында чоӊ сарайлардын орду сакталган. Аяз кала -2 сепили кушан доорунда (б. з. ч. 3‒2-кылымдар) салынып, 5‒7-кылымдарда кайра жаӊыртылган. Аяз кала -1 сепили асканын башына салынган. Мында чек арасы күзөтүп турган, кушан мамлекетинин чакан аскери жайгашкан коргондун калдыгы байкалат. Казуу учурунда кушан карапалары, эмгек куралдары, тыйындар, темир канжар, бычак, найзанын, жебенин учтары, колодон, алтындан жасалган буюмдар табылган.