АЮПОВ Асылбек Нургазиевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЮПОВ Асылбек Нургазиевич (1950-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Пржевальск шаары) – экономика илимдеринин доктору (2011). 1972-жылы КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комитетине караштуу ИИИде иштеп баштаган. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын жардамчысы, Чүй акционердик “Ала-Арча” өндүрүштүк-финансы корпорациясынын генералдык директору, “Эви-Автоцентр” ишканасында президенттин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси. Б. Н. Ельцин атындагы КРСУда доцент, профессор, кафедра башчысы. Аюпов 73 илимий эмгек, 4 монография, 1 окуу китебинин жана 6 методикалык колдонмонун автору.