АЭРОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЛО́ГИЯ (аэро... жана гр. logos ‒ илим) ‒ атмосфера физикасынын атмосферанын жогорку катмарындагы физикалык процесстер менен кубулуштарды изилдөөчү бөлүгү. Ал атмосферанын курамы менен түзүлүшүн, жаан-чачын менен булуттун пайда болушун жана алардын өнүгүүсүн жөнгө салуу жолдорун, аба массаларынын бири бирине тийгизген таасири дагы ушул сыяктууларды изилдейт. Атмосфераны изилдөөнүн түрлүү ыкмаларын иштеп чыгуу жана алар үчүн приборлорду (к. Аэрологиялык приборлор ) ойлоп табуу иштерин да жүргүзөт. Аэрологиялык изилдөөлөр электрондук аппаратуралардын, авиациянын ракеталык жана метеорологиялык спутник техникасынын, ошондой эле обсерваториялар жана станциялардын жардамы менен жүргүзүлөт.