АЭРОБИКА
Jump to navigation
Jump to search
АЭРОБИКА, (аэро… жана грекче bios ‒ жашоо) ‒ 1) ритмдүү гимнастика. Музыка менен коштолуучу ар кандай дене көнүгүүлөрдүн жыйындысы. Ден соолукту чыӊдоодо жана спортто колдонулат. 2) Чыдамкайлыкка машыктыруу максатында циклдүү спорттун түрүнө (чуркоо, сууда сүзүү жана башкалар) колдонулуучу көнүгүүлөр тобу. Жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасынын кызматын жакшыртууга багытталган.