АЭРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЭРАЦИЯ (гр. aer ‒ аба) ‒ 1) атмосфералык абанын табигый же жасалма жол менен кандайдыр бир чөйрөгө (мисалы, топуракка, сууга ж. б.) өтүшү; 2) ар кандай чөйрөдөгү органикалык заттарды тез кычкылдандыруу үчүн жасалма жол аркылуу алынган аба менен каныктыруу. Аэрация техникалык каражаттар- дын жардамы менен же болбосо абанын өтүшүнө тоскоол болгон заттарды (муз, май пленкалар ж. б.) жок кылуу менен жүргүзүлөт. Аэрация суулардын , көлмөлөрдүн интоксикациясын жок кылуу жана булганыч сууларды тазалоо үчүн колдонулат. Кээде биофильтрлерди аэрациялайт. Биофильтрге абаны киргизүү аэробдук микроорга низмдерди активдештирип, агын сууларды тазалоону тездетет.