АШ КЫЗЫЛЧАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АШ КЫЗЫЛЧАСЫ ‒ өсүмдүктөрдүн шакардуулар тукумунун кызылча уруусунун бир түрү; эки жана көп жылдык техникалык өсүмдүк. Уругунан өсүп чыгат, биринчи жылы тамыр, сабак байлап, экинчи жылы урук алынат. Жалбырагы чоӊ, жалбырак сабы, тарамышы кочкул кызыл; тамак-ашка азык тамыры, жаш жалбырагы пайдаланылат. Аш кызылчасында кант, белок, органикалык кислота, клетчатка, туз, ошондой эле С, В, РР, В1 витаминдери бар. Анын 21ден ашуун сорту (Бордо 237, Кыштык А-474 ж. б.) өстүрүлөт. Аш кызылчасын тамак-аш катары, дарылык касиети болгондуктан кан басымы жогорулаганда, ичеги-карын ооруларында дарылыкка пайдаланат. Ал которуштуруп айдоодо мурда капуста, томат, бадыраӊ айдалган жерге эгилет. 1 га жерге 16‒20 кг урук 33 см катар аралыкта, 2‒3 см тереӊдикте себилип , 400‒500 ц түшүм алынат. Эки жолу (өнүп чыкканда, суюлтулгандан кийин) кошумча азыктандырылып, 2‒3 жолу сугарылат. Үрөндүгүнүн сабагы кесилип, жазга чейин сакталат.