АШ АЙРАН
Jump to navigation
Jump to search
АШ АЙРАН‒ сүт менен дандан жасалган муздак ичилчү суюк тамак. Накта сүттүн үчтөн бирине суу кошуп, ысыган кезде акшак же талкан чалып бышырат. Анын табы кайтып жылымык болуп сууганда, уютку кошуп уютат. Аш айран ток жана жагымдуу болот. Ал мүнөз тамак катары да пайдаланылат.