АШШУР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АШШУР, А с с у р ‒ Ассириядагы байыркы шаар. Ирактын аймагында Мосул шаарынын түштүгүнөн 100 км аралыкта жайгашкан (азыр анын ордунда Эш-Шаркат орун алган). Шаар Тигр дарыясынын аскалуу бийик жээгинен орун алып таш пайдубалдуу, кыштан курулган мунаралуу дубал (бийикт. 15 м, калыӊдыгы 6 м) менен курчалган. Ашшур 3-миӊ жылдыктын аягы ‒ 2-миӊ жылдыктын башында өкүмдар (мурастык) жана ак сакалдар кеӊеши башкарган соода борборуна айланган. Бул мезгил аралыгында бир топ басып алууларга дуушар болгон. Мисалы, Аккаддын, III Ура династиясынын, Шамши-Адад Iнин, Хаммурапинин тушунда Вавилониянын жана батыштагы коӊшусу Митаннинин бийлигине баш ийген учурлар болгон. 2-миӊ жылдыктын ортосунан Ашшур Ассирия мамлекетинин борборуна айланган. 9-кылымда мамлекеттин борбору Калха, 7-кылымда Ниневия шаар экендигине карабастан, Ашшур диний борбор жана дүйнөдөн кайткан ассирия падышаларынын коюла турган жери болуп, мамлекеттеги эӊ барктуу шаарлардын бири катары эсептелип, шаарга бир кыйла жеӊилдиктер берилген (соодагерлерге жана шаардыктарга салык салынган эмес ж. б.). 614-жылы Ассирияга каршы мидия-вавилон согушунун жүрүшүндө Ашшур мидиялыктар тарабынан ырайымсыз талкаланган. Ашшурду казып, изилдөө иштери 1903‒14-жылдары немец чыгыш коому тарабынан В. Андренин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн. Асемделген хан сарайлары, храмдар, Ассирия падышаларынын жер алдындагы гробницалары, китепкана ж. б. табылган.