АШУРА
АШУРА‒ 1) алгач Мухаммед тарабынан иудейлерден кабыл алган 10-мухаррам (мусулман календарынын 1-айы) күнүндө орозо тутуу; кийин рамазан айында сөзсүз түрдө орозо тутуу киргизилгенден кийин Ашурада орозо тутуу ар кимдин өз эрки болуп калган. 2) Шиит имамы ал-Хусейин ибн Алинин эскерип аза күтүү күнү. Бул күнү, башкача айтканда 680-жылы 10-октябрда (хижранын 61-жылынын 10-мухаррамасында) Кербелдин алдындагы салгылашууда имам ал-Хусейин, анын бир тууганы Аббас жана 70 жөкөрү кыйнап өлтүрүлгөн. Жыл сайын эскерүү иретинде Иран жана Иракта мечит, медреселерде, жыйындарда ал-Хусейин жана анын курман болгон жакындары тууралуу баяндар окулуп, көчөлөрдө жүрүштөр (катышуучуларынын айрымдары өздөрүн ургулап, денесине залакат келтиришет) өткөрүлөт. Сунниттер бул аза күтүү күнүн шииттерден айырмаланып, тынч өткөрүшкөн.