АШРАФИ Мухтар Ашрафович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АШРАФИ Мухтар Ашрафович (11. 6. 1912, Бухара шаары, Өзбекстан ‒ 15. 12. 1975, Ташкент) ‒ өзбек композитору, дирижёр, СССР эл артисти (1951), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1943, 1952). 1934‒36-жылдары Москва, 1948-жылы Ленинград консерваториясын бүтүргөн. 1944-жылы Ташкент консерваториясында окутуучу, 1953-жылы профессор болуп эмгектенген. Ал Василенко менен бирге туӊгуч өзбек операсын [«Бороон» (1939) жана «Улуу канал» (1941)] жазган. «Баатырдык симфония» (1942), «Дилором» (1958), «Акын жүрөгү» (1962) операларынын, «Сүйүү тумары» (1969) балетинин ж. б. чыгармалардын автору. Ленин ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.

АШРАФИ81.png