АШКАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АШКАНА‒ 1) боз үйдүн төрүнөн караганда эпчи жагындагы (сол жак капшытындагы) чий менен калкаланган тамак-аш, идиш-аяк коюучу жай. Ашкана тосулган чийдин аты ‒ чыгдан же ашкана чий; 2) тамак бышыруу үчүн атайын жасалган үй же бөлмө; 3) көпчүлүк үчүн тамак-аш даярдап сатуучу жай.