АШГАБАТ ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АШГАБАТ ОБЛУСУ ‒ А х а л в е л а я т ы (1992-жылдан) Түркмөн Республикасынын түштүгүндө жайгашкан. Аянты 97,2 миӊ км2. Калкы 939,7 миӊ (2005), шаар калкы 62%. Облуста 9 этрап (администрациялык-аймактык бирдик), 5 шаар, 12 шаарча бар. Борбору ‒ Аннау (мурда Ашгабат шаары).
Облустун аймагынын түзөӊ бөлүгүн Кара-Кум чөлү ээлейт; түштүгүндө Копетдаг тоосу (бийиктиги 2942 мге чейин) орун алган. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы 4°С, июлдуку 29°С. Жылдык жаан-чачыны 80‒100 мм, тоо этегинде 285 ммге чейин. Кыртышы боз топурактуу. Чөп өсүмдүктөрү басымдуу келип, бадал өсөт. Негизги өнөр жай ишканалары: машина куруу (анын ичинде нефть, өнөр жай үчүн жабдуу электр-техникалык), металл иштетүү, жеӊил (кебез-кездеме, жибек , килем токуу, ж. б.), текстиль, бут кийим, тамак-аш (анын ичинде шарап чыгаруу), курулуш материалдар (цемент, айнек) ж. б. Сугат дыйканчылыгы (Кара-Кум каналы аркылуу), дан эгиндери, пахта, жашылча-бакча өсүмдүктөрү, жемиш багын өстүрүү, жүзүмчүлүк жана жибекчилик өнүккөн. Кой (анын ичинде кара көл кою), уй, жылкы (негизинен ахалтеке), төө, чочко асыралат. Фирюза, Арчман курорттору иштейт.