АШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АШ‒ аза күтүү салтында маркумду эскерүү жөрөлгөсү; өлгөн кишинин жыл маалы болгондо же андан кийин эскерүү маанисиндеги диний жана элдик каада. Аш берүү көп элдерде (байыркы грек, герман, славян, түрк-монгол ж. б.) болгон. Элдик диний түшүнүк боюнча адам өлгөндөн кийин, анын жаны денесинен бөлүнүп, арбакка айланып, жашоосун улантат. Анын арбагы өз журтуна кайтып, балдарын, жакындарын колдоп, ошондой эле кадимкидей тамаксырайт, арбакка багыштап жыт чыгарып, тамак берилбесе, анда маркумдун арбагы нааразы болуп калышы ыктымал деген түшүнүк бар. Ошондуктан арбакка багыштап, аны эскерүү иретинде мал союп, элге тамак беришет. Кыргыздарда Аштын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: кара Аш, кырк Аш, Аш же чоӊ Аш (кээде жылдыгы деп аталат). Алардын өткөрүлүүчү мезгили, катышкан элдин саны, жасалуучу жөрөлгөлөрү бири биринен айырмаланат. Кара Аш сөөктү койгон күнү, кырк Аш (кээде жөн эле кыркы) адам өлгөндөн кырк күн өткөндөн кийин, чоӊ Аш жыл маалында берилет. Мурда уруулук мамилелердин салты боюнча чоӊ Аш өткөрүү ошол өлгөн адамдын жакын туугандарынын иши гана эмес, ал бүт уруунун, ал эми маркум тирүү кезинде элге эмгеги сиӊген адам болсо, анда жалпы элдин милдетине айланган. Маркумдун жакындары чогулуп, кеӊеш курушуп, анда Ашка кимди чакыруу, келген адамдарды жайгаштыруу, унааларына азык камдоо, Ашты ким башкарышы керек деген маселелер чечилген. Чоӊ Аштын жүрүшүндө жамбы атуу, балбан күрөш, эр сайыш, ат чабыш ж. б. өткөрүлгөн. Элдик салт боюнча Аш бүткөндөн кийин, жыт чыгарылып, казан көмкөрүлөт, акыркы жолу өкүрүк чыгат. Эгер өлгөн адам эркек болсо, анда тулу боз үйдөн бейитине алып барып өрттөлгөн. Жесирдин кара кийими чечилип, төркүндөрү алып келген кийим менен жаӊыртылат. Ушундан баштап аза күтүү токтогон. Кийин Аш берүү бир кыйла өзгөртүүлөргө дуушарланган.