АЧЫТКЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЧЫТКЫ--бозо, максым, кымыз, камыр ж.б-ды ачыта турган көрөӊгө, үрп, камыр туруш. Бозо, максым, кымыздын Ачыткысы ‒ көрөӊгө; кымыздын алгачкы Ачыткысы ‒ үрп (мурунку жылы күзүндөгү кымыздын үрпүн сүзүп алып кургатып коёт); камырдын Ачыткысы ‒ камыр туруш. Камыр ачытууда камыр туруш жок болуп калса, Ачыткынын ордуна бозо колдонушкан. Максымдын көрөӊгөсү калбай калса, Ачыткы катары бозону же камыр турушту жылымык сууга эзип куюшкан. Учурда күндөлүк турмушта камыр ачытууда камыр туруштун ордуна атайын технологиялык жол менен даярдалган Ачыткы колдонулат.