АЧЫК САБАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЧЫК САБАК ‒ мугалимдин педагогикалык тажрыйбасын, окутуучулук чеберчилигин баалоонун формасы. Ачык сабактын планы күн мурунтан түзүлүп, алдын ала предметтик мугалимдердин методикалык бирикмесинде каралат жана мектеп директору же анын окуу иштери боюнча орун басары тарабынан бекитилет. Ачык сабак окуу программасындагы татаал же жаӊыдан киргизилген темаларга карата уюштурулат. Ачык сабактарда педагогикалык теория менен практиканын биримдиги, окутуунун жаӊы технологияларын: алдынкы методдорду, окутуунун салтка айланбаган формаларын кеӊири колдонуу ишке ашырылат. Ачык сабак мектеп практикасында мугалимдер арасында алдынкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуунун да ийкемдүү жолу болуп саналат. Ачык сабакка атайын чакырылган адамдардын катышуусу максатка ылайыктуу.