АЧЫК-ТАШ-СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЧЫК-ТАШ-СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ ‒ Борбордук Теӊир-Тоодогу өрөөн тибиндеги үч ири мөӊгү (Чыгыш, Ортонку жана Батыш). Сары-Жаз кырка тоосунун түндүк капталында, Адыр-Төр суусунун алабында жайгашкан. Ч ы г ы ш ы н д а г ы м ө ӊ г ү н ү н узундугу 7,3 км, аянты 9,1 км2; башы деӊиз деӊгээлинен 5580 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийиктиги 3980 м; абляциясынын аянты 4,0 км2. О р т о н к у с у н у н узундугу 5,4 км2, аянты 5,7 км2, башы деӊиз деӊгээлинен 5360 м, этеги 3420 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийиктиги 3920 м, абляциясынын аянты 2,3 км2. Б а т ы ш ы н д а г ы с ы артылма өрөөн мөӊгүлөрүнүн тибине кирет; узундугу 4,2 км, аянты 5,6 км2, башы 4800 м, этеги 3580 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийиктиги 3950 м, абляциясынын аянты 2,2 км2. Мөӊгүдөн башталган суулар кошулуп, Адыр-Төргө куят.