АЦИДОФИТТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЦИДОФИТТЕР (лат. actolus ‒ кычкыл жана өсүмдүк ) ‒ кычкыл топурактарда жана кычкыл сууларда (рН=6,7ден төмөн) өсүүчү өсүмдүктөр. Ацидофиттер төмөнкүлөргө бөлүнөт: 1) өзгөчө Ацидофиттер (рН= =3,0‒4,5) сфагнум, плаундар ж. б.; 2) мелүүн Ацидофиттер (рН=4,5‒6,0) (ширеси ачуу же уулуу сары гүлдөр ж. б.). 3) начар Ацидофиттер (рН=6,0-6,7). Алардын өтө кычкылданууну талап кылганы сфагнум (рН=3 ‒ 4).