АЦЕТИЛЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЦЕТИЛЕН, э т е н, CНөCH ‒ каныкпаган ациклдүү углеводород. Сууда начар, ацетондо, хлороформдо жакшы эрүүчү, таза абалында жытсыз, түссүз газ; эрүү t‒81,8 °C. Аба менен болгон аралашмасы жарылууну пайда кылат. Азот, метан жана пропан газдары менен аралашмасынын жарылгыч касиети төмөнүрөөк. Молекуласы түз сызыктуу түзүлүшкө ээ. Көмүртек-көмүртек атомдорунун аралыгы 1,20 Е, С‒Н аралыгы 1,057 Е. Ацетиленди Э. Деви 1836-жылы ачкан. 1862-жылы М. Бертло көмүртек менен суутектен, Ф. Велер 1-жолу кальций карбидинен синтездеп алган: СаС2+2Н2О→СНΞСН+Са(ОН)2. Азыр метандан крекинг же термокычкылдандыруу жолу менен алынат: 2СН4→СН ΞСН+3Н3. Ал эӊ активдүү чексиз углеводород . Ацетиленди хлорлоо реакциясы өнөр жайда маанилүү болгон хлордуу бирикмелерди пайда кылат (дихлорэтилен, тетрахлорэтан). Ал HCl менен HCNди кошуп алып винилхлорид жана акрилнитрилди пайда кылат. Алардан өнөр жайда поливинилхлорид жана полиакрилнитрил алынат. Сымап тузунун катышуусунда Ацетилен сууну кошуп алып ацетальдегидди пайда кылат (Кучеров реакциясы ). Ацетилендин жана алкиндердин (R‒CΞC‒H) молекулаларындагы суутек атомдору кислоталык касиеттерге ээ болгондуктан, алар щелочтуу металлдардын амиддери жана күчтүү щелочтор менен реакцияга кирип, туздарды (ацетилениддерди) пайда кылат. Ацетиленди күйгүзгөндө жогорку температура (3000°Сден ашык) пайда болгондуктан, металл кесүү жана ширетүү ишинде колдонулат.

Ад.: Нейланд О. Я. Органическая химия. М., 1990; Адылов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Ф., 2004.

                                                                                                   Ж. Медетбекова.