АЦЕТАТ БУЛАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЦЕТАТ БУЛАСЫ ‒ ацетилцеллюлозадан алынуучу жасалма була. Анын эки түрү бар: диацетилцеллюлоза жана триацетилцеллюлоза. Ал целлюлозаны органикалык эриткичтерде эритүүдөн алынат. Диацетилцеллюлозадан алынган булада 17‒22% гидрокычкыл жана 78‒83%ке чейин ацетил топтору болот. Мындай булалар гидрофилдик касиетке ээ. Триацетилцеллюлозадан алынган булада 97‒98%, кээде 100%ке чейин ацетил тобу болгондуктан, гидрофобдуу касиетке ээ. Диацетилцеллюлозадан алынган буладан өнөр жай үчүн техникалык мааниси бар буюмдар даярдалат. Ацетат буласы көп касиеттери боюнча синтездик булаларга караганда жогору турат. Созулгуч, жумшак жана кооз келгендиктен, жасалма жибек кездеме жана тор кийим токулат. Андан жасалган кездемелер аз бырышып, ультракызгылт-көк нурду жакшы өткөрөт. Жогорку темпепратурага, жегичтер менен органикалык эриткичтердин таасирине, сүрүлүүгө чыдамсыз.