АХУНБАБАЕВ Юлдаш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АХУНБАБАЕВ Юлдаш [1(13).7.1885, Өзбекстан, Фергана облусу, Маргалаӊ району, Жойбазар айылы ‒ 28. 2. 1943] ‒ мамлекеттик ишмер. Башталгыч мектепте (мусулман) окуган. 1920‒21-жылдарда Маргалаӊда кедейлер союзунун, 1921‒25-жылдарда «Кошчу» союзунун төрагасы. 1925‒38-жылдарда Өзбек ССР Советтеринин БАКтын төрагасы, 1938‒43-жылдарда Өзбек ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.