АХРАМХУЖАЕВ Обид Мурадович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АХРАМХУЖАЕВ Обид Мурадович (1920, Ташкент шаары ‒ 1996, ошол эле жерде) ‒ геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1959), Өзбекcтан ИАнын академиги (1966), вице-президенти, Өзбек ССРнин илимине эмгек сиӊирген ишмер (1964). Орто Азия политехникалык институтун бүткөн (1945). Өзбекстан ИАнын Геология институнда илимий кызматкер (1957‒59), 1959-жылдан Өзбекстандагы нефть жана газ кендеринин геологиялык жана чалгындоо институтунда директор. Өзбекстан География коомунун президенти. Ахрамхужаев негизги илимий иштери Өзбекстан жана Түштүк Кыргызстандын чөкмө тоо тек катмарларындагы нефть-газ чыгуучу геологиялык свиталарды, нефть-газ пайда кылуучу жана топтолуучу зоналарды белгилөө боюнча комплекстүү изилдөөгө, нефть менен газдын келечегин аныктоого багытталган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Илимпоздун урматына Ташкент шаарындагы көчө аталган.
Эмг.: Литология нефтегазоносных меловых отложений Ферганской депрессии. Таш., 1960.